Бишкек шаарынын мэри Эмилбек  Абдыкадыровдун төрагалыгы астында турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр Олег Попиковдун, райондордун башчыларынын, турак жай-коммуналдык чарба тармагынын жетекчилеринин жана кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Эмилбек Абдыкадыров учурда шаарды сугаруу жана санитардык тазалоонун курч маанисин белгиледи. Ал ошондой эле коммуналдык кызматтарга төлөө системасын өзгөртүүнү, жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Жыйындын жүрүшүндө «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды. Мэр шаар боюнча санитардык тазалоо иштерин күчөтүү, мындан тышкары, “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин чечүү жана борбор калаада таштанды челектеринин көбөйүшүн көзөмөлдөө тапшырмасын берди. Жолугушууда каалоочулар турак жай-коммуналдык чарба системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарын, ой-пикирлерин айтышты. Жыйындын соңунда калаа башчысы  жетекчилер менен гана эмес, мекеме-ишканалардын катардагы кызматкерлери менен да жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады.