№6 автордук окуу комплексине кошумча имарат курулду. Спорт жана актовый залдары бар имараттын аянты 2040 м2. Актовый залы 130 орундуу сахна жана кийим алмаштыруучу жай менен долбоорлонгон. Ошондой эле имаратта хореографиялык, бий залы, техникалык кабинет, ийримдер жана окуу кабинеттери, жабдууларды орнотуу үчүн бөлмөсү бар спорт зал, инструктор бөлмөсү, психологиялык- валеологиялык кабинет бар. Курулуш иштерин подряддык уюм – «Капитал Курулуш» ЖЧКсы жүргүзгөн.