Борбор калаанын мэриясы ишкерлердин колдоосу менен мамлекеттик чек арадагы жаңжалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарын убактылуу үйлөр менен камсыз кылууда. Темир контейнерлерде бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Буга чейин да мындай 16 үй жөнөтүлгөн. Жакынкы аралыкта дагы 12 контейнер Баткен облусуна жөнөтүлөт. Бардыгы болуп 50 контейнер даярдалат. Контейнерлер жана жардамдар «Дордой» соода борбору, «Бишкек курулуш» компаниясы, «Азия универсал» ЖЧКсы, «Баткен Комфорт жана Кут» базарлары, «Арпа» ЖАК, «Ош базары» соода комплексинин ишкерлер биримдиги, «Оберон» ЖЧКсы, «Нурзаман», «Аалам строй», «Ихлас», Демир Кыргыз Интернэшнл Банк, Аслан, СВВЗ ЖЧКсы, Кадыров Эрнис Эмилбекович, ошондой эле Алдаяр, «Кербен», «Форт Оберон», «Евразия» базарлары тарабынан берилди. Борбор калаанын мэриясы камкор жарандарга колдон келген жардамдары үчүн ыраазычылык билдирет. Биз бирге - бир күчпүз!