Авариялык абалдагы №75 жалпы билим берүүчү мектеп-лицейинин ордуна 550 орундуу жаңы имарат курулду. Жер участогунун жалпы аянты 1,8 га, ал эми жайдын аянты 5607 м2. Эки кабаттуу билим берүү мекемеси 20 класска ылайыкталган. Спорт залдын аянты 384 чарчы метрди түзөт. Мектептин жертөлөсү да бир блокто жайгашкан, анда коммуналдык кампалар, насостук станция, жылытуу блогу, вентиляциялык камера, кампа жайгашкан. Окуучулардын класстарынан тышкары мектеп имаратында өзүнчө блок менен бөлүнгөн музыка класстары да бар. Музыкалык класстардын жалпы аянты 424 м2. Курулуш иштерин подряддык уюм «Эталон Винспецстрой» ЖЧКсы жүргүзгөн.