№40 мектепке кошумча имарат курулду. Курулуш аянты 4 137 м2. Үч кабаттуу кошумча корпус 500 окуучулук  орунга ылайыкталган. Мектепте 18 окуу бөлмөсү, аянты 284 м2 болгон спорт залы жана 212 м2 болгон актовый залы каралган. Ошондой эле мектептин бир кварталында жер төлө курулду. Мектепте окуу залы, китепкана, чечинүүчү бөлмө, логопед, психолог кабинети, жуунуучу бөлмө, музыка жана ыр бөлмөсү, окуу кабинеттери, өздүк гигиена кабинети ж.б. каралган. Мындан сырткары мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол, воркаут оюндары үчүн спорт аянтчалары курулган. Айланасы жарым-жартылай жашылдандырылып, көрктөндүрүлдү. Курулуш иштерин подряддык уюм «Лидер Хаус» ЖЧКсы жүргүзгөн.