640 орунга эсептелген №10 орто мектепте конструкцияларды бекемдөө менен капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Объектте жанаша жайгашкан аймак жашылдандырылып, көрктөндүрүлдү, тосмо орнотулду, жолдор жана тротуарлар оңдолду, балдар үчүн спорт аянтчалары (воркаут) курулду. Ишти подряддык уюм «Аргын курулуш» ЖЧКсы жүргүзгөн.