Көлмө жаңы конушунда 380 окуучулук орунга ылайыкталган мектеп ачылды. Эки кабаттуу имараттын аянты 2309 чарчы метрди түзөт. Имаратта бардык керектүү жайлар жайгаштырылды: класстар, ашкана, актовый зал, жуунучу бөлмөлөр жана спорт зал. Мектепти "Капитал Билдинг" ЖЧКсы подряддык уюму жүргүздү.