Мурас-Ордо конушунда 660 орундуу №99 мектеп курулду. Мектепте инженердик тармактарды орнотуу менен курулуш-монтаждоо иштери жүргүзүлүп, аймагы көрктөндүрүлдү. Мектептин периметрине тосмо орнотулган. 2022-2023-окуу жылына 1600 окуучу билим ала турган 43 класс бүткөрүлдү. Балдарга 63 мугалим сабак берет. Курулуш иштерин «Ясин-Курулуш» ЖЧКсы подряддык уюму жүргүздү.