Мындан туура 6 ай мурда Бишкек шаарында, анын жаңы конуштарында 15 мектеп, 1 бала бакчаны куруу, аны кыска мөөнөттө пайдаланууга берүү милдети  коюлган. Бүгүн мамлекеттик тапшырма-милдет толугу менен аткарылганын, кыска мөөнөттүн ичинде 16 билим берүү мекемеси курулуп бүтүп, пайдаланууга берилип жаткандыгын жарык жүз, кубануу менен билдиребиз. Социалдык объектилердин курулушу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун түздөн-түз жетекчилиги, катышуусу жана көмөгү менен жүзөгө ашырылды. Президентибиздин камкордугуна, өзгөчө көңүл буруусуна  шыктанган куруучулардын кубаттуу армиясы бул милдет – тапшырманы ийгиликтүү аткара алышты. Бардык билим берүү объекттери заманбап шартына ылайыкталып курулду. Жаңы мектептерде окуган окуучулар, алардын ата-энелери жана мугалимдер кубаныч-сүйүнүчтөрү чексиз экендиктерин жетине албай билдиришүүдө.  Борбор шаарыбызда жана жаңы конуштарда билим берүү мекемелери канчалык тартыш экендигин, айрым мектептерде окуулар эки-үч сменада жүргүзүлүп келгендигин жакшы билесиздер. Мына эми ушул мектептердин пайдаланууга берилиши менен аталган көйгөйлөр чечилип, жаңы 20-миң окуучу орун пайда болду. Жаңы пайдаланууга берилген билим берүү мекемелери башка мектептерден бардык жагынан кескин айырмаланат.  Курулушта алдыңкы технологияларды колдонуу, анын өздүк наркын кыйла төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Жалпы 9 миллион 700 миң доллар үнөмдөлдү. Ага да кошумча жаңы үч мектепти курсак болот.