Бишкек шаарындагы билим берүүнүн стандарттарын өркүндөтүү, материалдык базасын жакшыртуу, жаңы мектептерди, бала бакчаларды куруу, мугалимдердин айлыгын көбөйтүү тармакта олуттуу өзгөрүүлөргө алып келди. Айрыкча эмгек акылардын көтөрүлүшү алардын жигердүү изденүү менен иштешине дем берди, окутуунун сапаттык деңгээли жогорулоодо.