Жаңы канализациянын узундугу Пригородное айылындагы тазалоочу курулмаларынан Ахунбаев көчөсүнө чейин 11 чакырымдан ашат. Азыркы учурда куруучулар (100 атайын техника, 150 инженер жана жумушчулар тартылган) траншеялардагы бекем бетон фундаментке жүздөгөн темир-бетон түтүктөрүн коюп, ар бир бурулушта айланма кудуктарды орнотуп жатышат. Курулуштун эң татаал тилкелери – темир жолдор жана Чоң Чүй канал астынан өтүү.  Жаңы канализация коллектору акыркы он жылдыктардагы Бишкектин эң татаал гидротехникалык курулушу болот. Анын өткөрүү жөндөмдүүлүгү - күнүнө үч жүз сексен миң кубометр (кубаттуулугу – 380 000 куб.м) агынды суулар.  Салыштырмалуу, бул Аламедин же Ала-Арча сыяктуу дарыянын күлөмү десек болот.