Бүгүн, Бишкек шаарынын Ардактуу атуулу, Свердлов районунун  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана эмгекчилеринин кеңешинин төрагасы, коомдук ишмер  Мокенов Абдразак Мокенович акыркы сапарга узатылды. Коштошуу зыйнатына Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык  кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев баштаган  шаар бийлиги, коомдук ишмерлер, кесиптештери жана туугандары катышты. Абдразак Мокенов совет бийлигинин жылдарында борбор калаанын борборун реконструкциялоонун масштабдуу курулуш программаларын ишке ашырууга активдүү катышкан. «Кыргызгипрострой»дон  баштап, 1967-жылдан Ош областтык аткаруу комитетинин курулуш жана архитектура бөлүмүнүн  башчысы, 1976-жылы Кыргыз ССР Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын  биринчи орун басары, 1980-1985-жылдары Фрунзе шаардык эл депутаттарынын кеңешинин төрагасы,  Кыргыз ССР Министрлер Советинин аппаратынын жооптуу кызматкери болуп иштеген. Ал 1936-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Абдразак Мокенов 7-февралда 87 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Маркумдун сөөгү "Ала-Арача" көрүстөнүнө жерге берилди.