Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!  Жаңы магистралдык канализация коллекторунун курулушуна байланыштуу көбʏңʏздөр борборлоштурулган канализация системасына кошулуу жана тиричилик шарттарыңыздарды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуздар.  Жаңы канализация коллектору Пригородное айылындагы тазалоочу курулмалардан баштап Ахунбаев көчөсүнө чейин тартылат (жалпы узундугу – 11 километрден ашык). Коллекторду куруу боюнча курулуш иштери 6 участкага бөлүнүп, кезеги менен аткарылат: - тазалоочу курулмалардагы кабыл алуучу камерадан Юбилейная көчөсүндөгү түштүк-батыш коллекторго чейин (узундугу – 2333,03 м), -  түштүк-батыш коллектордон Фучик көчөсү менен Ленская көчөсүнүн кесилишине чейин (узундугу – 1657,32 м), - Фучик көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишине чейин (узундугу – 2241,35 м), - Кочкор көчөсү менен Матыев көчөсүнүн кесилишине чейин (узундугу – 2304,51 м), – Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишине чейин (узундугу – 2031,89 м), – Асаналиев жана Гагарин көчөлөрү боюнча Кочкор көчөсүнө чейин (узундугу – 669,09 м). Курулуш иштери аяктагандан кийин, жаңы коллекторго кошулуу суроолору боюнча Бишкекбашкыархитектуранын "Бирдиктүү терезесине" кайрылса болот. "Бишкекбашкыархитектура" ММ "бирдиктүү терезесинин" дареги: Бишкек ш., Турусбеков көч., 10 Бирдиктүү маалымдама телефону: 0312– 31-72-94 Иштөө убактысы: дʏйшөмбү-жума 8.30-17.30, түшкү тыныгуу 12.00-13.00