Бишкектин астында эки миң үч жүз километрден ашык түтүктөр орнотулган. Алардын ичинен бир жарым миңден ашык километр – бул суу түтүктөрү, сегиз жүз километрге жакыны – канализация түтүктөрү.

Күн сайын “Бишкексууканалдын” кызматкерлери шаардын канализация жана суу түтүктөрүндөгү 20дан ашык аварияны жоюшат. Бул үчүн эки жүздөн ашык атайын техника, 40 адамдан турган 5 ыкчам топ күнү-түнү нөөмөткө чыгат.

Күндө өздөрүнүн оор жана башкалар байкабаган жумушун аткарып жаткан, ушул адамдардын аркасы менен үйлөрүбүзгө заманбап ыңгайлуулуктар бар.

Алардын эмгегин сыйлайлы!

«Бишкексууканалга» кызмат акысын өз убагында төлөп, шаарыбызга кам көрөлү!