Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу №8 МЧББУ 2023-жылдын 10-январында реконструкциядан кийин ачылды.                 Бала бакча жертөлөөсү бар эки кабаттуу имарат. Мекеменин жалпы аянты 0.3 га, имараттын аянты 640 чарчы метр, 120 орундуу, 4 тайпалуу, 3 жаштан 7 жашка чейинки балдар кабыл алынат, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт жана кошумча орус тили окутулат. Бала бакча эртең менен 7.30дан кечки 18.30.га чейин иштейт, балдарга 4 маал тамак берилет.          Бала бакчаны директор К.Б.Саралаева жетектейт. Жалпы 22 кызматкер ишке  кабыл алынды.  Усулчу жана 4 тарбиячы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу курсунан өтүштү.         Бала бакчанын негизги милдеттери: Ар бир балага мектепке чейинки сапаттуу билим жана тарбия берүү, балдардын дене-бой жана психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, балдарды жалпы адамзаттык дөөлөттөргө, элдик үрп-адаттарга жана салттарга үйрөтүү, ар бир баланын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аны дене-бой, интеллектуалдык жана инсандык жактан өнүктүрүү.Мугалимлер тарабнан сабактарды маалыматтык технологиянын жардамы менен өткөрүү.      Келечекте бала бакчада англис тили, логопед жана хореография кружокторун киргизүү пландаштырылууда. Бала бакчада: -короо ичиндеги канализация; -жылытуу системасы; -суу түтүктөрү; -электр кабели тартылып, имараттын ичи жасалып,фасады жылууланып (декаративдик шыбак), асма шыптар орнотулду. Полдору  мантаждоо иштери жүргүзүлдү. Жылытуу системасы,электр системасы,полдун электр панелдери толугу менен алмаштырылды,сантехника иштери бүткөрүлдү. Мындан тышкары заманбап балдар ойноочу аянтча резина менен капталып, таман таштар төшөлүп, жарыктандырылды. Мекеменин айланасы темир тосмо менен жаңыртылды жана көп жылдык туялар отургузулду. Мекемеде:  балдар үчүн уктоочу,оюн ойноочу, сабак өтүүчү жана тамактануу бөлмөсү, тазалык бөлмөсү,усулчу,кыргыз тил,медайымдын бөлмөсү,ашкана, жашылча-жемиштерди сактоочу, азык-түлүлүктү сактоочу кампалар, кир жуучу жай, жылуулук элеватор жана күзөтчүлөр үчүн бөлмөлөр бар.