Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу №11 “Ак-Кеме” Мектепке чейинки билим берүү уюму 2021-жылы март айында ачылган. Ошол күндөн баштап, жоопкерчиликтүү, балдарга сүйкүмдүү, чыгармачылык менен иштеген  жамаат эмгектенип жатабыз. Бала бакча 4-тайпалуу. Жаш өспүрүмдөргө, жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша билим тарбия беребиз. Бала бакча мамлекеттик тилде окутулуп, кыргыздын каада-салттарына, үрп-адаттарына басым коюлуп, ата-бабаларыбыздын унутулуп бара жаткан оюндарын үйрөтөбүз. Күн тартиби боюнча иш алып барабыз. Балдарга эртен мененки тамактануудан  кийин сабактардын жүгүртмөсүнө карата  сабак өтүлөт.Таза абада сейилдөө эртен менен жана түштөн кийинки убакытта  жүргүзүлөт. Балдар өздүк гигиенаны  күнү бою сакташат. Келечектеги балдардын уникалдуулугун алып чыгууга таасир берүүчү, келечекке болгон мотивациясын өстүрүү максатында, көп изденип, азыркы талапка ылайык иш-чараларды өтүп келебиз. март “Калпак күнү” ,  8-март “Эл аралык аялдардын күнүнө”, “Туу күнүнө”, 1-июнь “Балдарды коргоо күнүнө”  жана ошондой эле “Нооруз”, “Күз” майрамдарына  карата иш-чараларды өткөрдүк. Коомдогу эрежелер жөнүндө, тартиптер жөнүндө үйрөтөкөнгө көмөк корсөттүк. Психологиялык калптануусуна жана интелектуалдык өнүгүшүнө жардам бере алдык. Ошондой эле 9-май “Жеңиш күнүн” белгилеп патриоттуулук, эрктүүлүк, жоопкерчилик сапаттарынын ачылышына жардам бердик. Баланын сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүү максатында театрлаштырыган жомоктор күнүн белгиледик. Жаратылышты коргоо ирээтинде “Экологияга салымыңды кош” деген темада таасирдүү көркөм сабак өттүк. Баланын таанып билүүсүн өнүктүрүп, эске тутуусуна, көңүл буруусуна, кабыл алуусуна салымыбызды кошо алдык.  Балдар биздин келечегибиз, биздин өмүрүбүздүн уландысы... Биз наристелерге талапка ылайык татыктуу билим, таалим тарбия берүүгө милдеттүүбүз. Келечекте биздин бала бакчадан мекенчил, атактуу инсандар чыгат деп ишенебиз!