Бүгүн советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылган күнүнө 34 жыл толду. Бул кун Ооганда согушка катышкан жоокерлердин жүрөктөрүндө жана тарыхта өчпөс так болуп калды. Бүгүнкү күндө жоокерлер өздөрүнүн тынчсыз жаштыгын эстеп, согуштан кайтпай калган куралдаштарын эскеришет. Ошол жоокердик кызматта өткөргөн Ооган түндөрү жана күндөрү эч качан эстен кетпейт. Ооганда өткөн күндөр жоокерлердин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!