Ленин акимчилигинин демилгеси менен комиссиялык текшерүү уюуштурулду. Ленин районунун башкы архитектору Улан Айжигитов, шаардык көрктөндүрүү инспекциясынын адистери жана ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Дэн Сяопин проспектисиндеги чарбалык курулуштардын абалы менен таанышты. Комиссиялык текшерүүнүн  жүрүшүндө акимчиликтин өкүлдөрү  тарабынан Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки ар бир объектинин  кире беришин сүрөткө тартып, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесине жана муниципалдык менчикти башкаруу департаментине  жөнөтүү чечими кабыл алынды. Андан кийин мекемелер  орнотулган объектилердин мыйзамдуулугун такташат. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, алгач эскертүүлөр берилет. Объект мыйзамдаштырылбаса, анын артынан айып пул салынып, алынат.