Аталган жолугушуу "Касым", "Балбан", "Таймаш", "Тынчтык", "Маданият", "Керемет", "Аска-Таш" конуштарында иштеген участкалык милиционерлердин  эл менен жүргүзүлүп жаткан иштери жана конуштардагы көйгөйлөр талкууланды.

Жолугушууга калаа башчысы Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаарынын  Ички иштер башкармалыгынын башчысы Кашкар Жунушалиев, Биринчи май районунун ИИБнын башчысы Канат Жумагазиев, райондун башкы прокурору Гульнара Акимбаева, Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев жана конуш тургундары катышты.

Мындай жолугушуулар ар бир конушта өткөрүлүп, участкалык милиционерлердин иштери текшерилип турмакчы.