БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 21-июну № 79

Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутуму башкармалыгы" мекемеси "Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналык чарба башкармалыгы" болуп кайра аталсын.

2. 2016-жылдын 1-июлунан тартып "Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы" мекемесинин жобосу, түзүмү, штаттык саны 1, 2, 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналык чарба башкармалыгы (Эшатов К.С.) белгиленген тартипте юстиция органдарында мекемени кайра каттоодон өткөрсүн.

4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 31-июлундагы № 158 "Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы" муниципалдык мекемесинин жобосун бекитүү жөнүндө", 2015-жылдын 1-июнундагы № 83 "Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы" мекемеси жөнүндө" токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэри Э.К.Исаковго жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэри

 

А.Ибраимов

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын
2016-жылдын 21-июнундагы
№ 79 токтомуна
2-тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын 2016-жылдын 1-июлундагы
ТҮЗҮМҮ

Вице-мэр

 

Э.Исаков

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын
2016-жылдын 21-июнундагы
№ 79 токтомуна
3-тиркеме

Бишкек шаарынын мэриясынын Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын
ШТАТТЫК САНЫ

Кызмат орундарынын аталышы

Штаттык бирдиктердин саны

Начальник

1

Начальниктин орун басары

1

Бөлүм башчы

3

Сектор башчы

1

Башкы адис

6

Жетектөөчү адис

6

Адис

4

Бардыгы:

22

ТТП

4

КТП

1

Бардыгы:

5

Жыйынтыгы:

27

 

Вице-мэр

 

Э.Исаков