БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 8-августу № 92

Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу шахмат боюнча балдардын-уландардын спорт мектебин түзүү жөнүндө

(Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)

Шахматты өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу, балдарды жана өспүрүмдөрдү дене тарбия менен туруктуу машыгууга жана сергек жашоо үлгүсүндө жүрүүгө тартуу, таланттуу балдарды жана өспүрүмдөрдү аныктоо максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу шахмат боюнча балдардын-уландардын спорт мектеби (мындан ары - шахмат боюнча БУСМ) түзүлсүн.

2. Шахмат боюнча балдардын-уландардын спорт мектебинин жобосу, штаттык расписаниеси жана чыгашалар сметасы бекитилсин (1-3-тиркемелер).

3. Шахмат боюнча БУСМ бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция органдарында каттоодон өтсүн.

4. Жекеме-жеке спорт боюнча Олимпиадалык резервдин балдардын-уландардын адистештирилген спорт мектеби (Т.А.Беккулов) шахмат боюнча бөлүмдү Шахмат боюнча БУСМге өткөрүп берсин жана штаттык расписаниесин бул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бишкек шаардык каржы башкармалыгы (Г.К.Иманбаева) Жекеме-жеке спорт боюнча БУАСМге 2016-жылга карата Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгына каралган каражаттардын чегинде шахмат боюнча БУСМнин чыгашалар сметасына ылайык акча каражат менен камсыз кылсын жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизсин.

6. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы (Р.К.Макенов), Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы (М.К.Букеев) Бишкек шаары, Трудовая көчөсү, 1 дарегиндеги "Диалог" МҮнүн имаратындагы жалпы аянты 72 чарчы метр жайды шахмат боюнча БУСМге бөлүп берсин.

6-1. Бул токтомдо (чечимде) көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты түзүү маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.

(Бишкек шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 1-ноябрындагы № 152 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо биринчи вице-мэр Э.З.Зарлыковго жана вице-мэр А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын Мэри

 

А.Ибраимов

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 8-августундагы
№ 92 токтомуна
2-тиркеме

2016-жылдын 1-сентябрынан тартып Шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин
ШТАТТЫК САНЫ

(сом менен)

Кызмат орундарынын аталыштары

Штаттык бирдиктердин саны

Кызмат акысы

Айлык кызмат акысы

1,35 коэфф.

Иштеген жылдары үчүн үстөк акы

Категория

Зыяндуулук 25%

Жергиликтүү бюджеттен кошумча төлөмдөр

Айлык ЭАФ

2016-жылдын 1-сентябрынан баштап ЭАФ (4 ай)

1

Директор

1,00

6000

6000

 

1200

 

 

1000

8200

32800

2

Директордун орун басары

1,00

4800

4800

 

960

 

 

1000

6760

27040

3

Методист

1,00

4000

4000

 

800

 

 

1000

5800

23200

5

Башкы бухгалтер

1,00

4500

4500

 

900

 

 

1000

6400

25600

6

Врач

1,00

5000

5000

 

1000

500

 

1000

7500

30000

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ АБП

5,00

24300

24300

0

4860

500

0

5000

34660

138640

1

Чарба бөлүмүнүн башчысы

1,00

3800

3800

5130

 

 

 

1000

9930

39720

2

Кассир

1,00

3000

3000

4050

 

 

 

1000

8050

32200

3

Бөлмөлөрдү тазалоочу

1,00

2500

2500

3375

 

 

625

1000

7500

30000

 

ЖЫЙЫНТЫГЫ ТТП, КТП

3,00

9300

9300

12555

0

0

625

3000

25480

101920

 

БАРДЫГЫ

8,00

33600

 

12555

4860

500

625

8000

60140

240560

1

Машыктыруучу-окутуучу курам

7,42

5600

41552

 

4155,2

 

 

15000

60707,2

242828,8

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

маяна

483388,80

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

соц. фонд

83384,57

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

бардыгы

566773,37

 

Вице-мэр

 

А.Рыскулова

 

 

 

Бишкек шаарынын Мэриясынын
2016-жылдын 8-августундагы
№ 92 токтомуна
3-тиркеме

2016-жылдын 1-сентябрынан тартып Шахмат боюнча балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин чыгашалар
СМЕТАСЫ

(миң сом)

Чыгашалардын аталышы

Чыгашалардын беренелери

4-квартал

Эмгек акы

2111

483,4

Социалдык фондго төгүмдөр

2121

83,4

Байланыш кызматы

2212

1,2

Телефондук жана факсимилдик байланыш кызматы

2212/2100

1,2

Башка тейлөө кызматтарын алууга

2215

50,0

Башка кызматтардын төлөмү менен байланышкан башка чыгашалар

2215/4900

50,0

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу

2222

4,0

Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды дагы башка сатып алуулар

2222/1200

4,0

Машиналар жана жабдуулар

3112

35,0

Эмерек сатып алуу

3112/3210

20,0

Компьютердик жабдууларды сатып алуу

3112/3230

15,0

Бардык чыгашалар

 

657,0

 

Вице-мэр

 

А.Рыскулова