ИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 25-майы № 4пк

2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплексинин 2015-жылдагы аткарылышы жөнүндө

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (мындан ары - ДМЧА) укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча оң шарттар камсыздалганын белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 650 "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө" токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-июлундагы № 292-б буйругун ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу үчүн Бишкек шаарында Бишкек шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 17-ноябрындагы № 540 буйругу менен "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча планы" иштелип чыгып, бекитилди, ага ылайык шаарда социалдык колдоого муктаж болгон калктын түзүмү иштелип чыкты.

2016-жылдын 1-январына социалдык паспорттоштурууга ылайык, социалдык өнүктүрүү органдарында 20823 жарды үй-бүлө же 49,6 миң адам эсепке алынган, алардын ичинде 14,7 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам, анын ичинен 65 Улуу Ата мекендик согуштун майыптары, 218 ЧАЭСтин майыптары, 7190 жалпы оорунун майыптары (I, II, III топ), 2162 көрүү жана угуу боюнча майыптар, 18 жашка чейинки жана андан жогорку жаштагы бала чагынан болгон майыптар - 5072. Бишкек шаарында жарды жашагандардын, анын ичинде улгайган адамдардын жана ДМЧАнын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында, Бишкек шаарында жергиликтүү деңгээлде социалдык жардамды жана кызматтарды көрсөтүү боюнча шарттар түзүлгөн. 2015-жылы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан социалдык өнүктүрүү чөйрөсүнө 336,3 млн. сом бөлүнгөн, 2014-жылдын (295,0 млн. сом) такталган планына караганда 8,8% көбүрөөк. Бишкек шаарында гана даректүү социалдык жардамдын 27 түрү көрсөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, 18 жашка чейинки жана андан жогорку жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, пенсия менен камсыздоо укугуна ээ болбогон I, II, III топтогу ДМЧАларга ай сайын социалдык жөлөкпул төлөнөт, жылына бул максаттарга Республикалык бюджеттен 130,0 млн. сом бөлүнөт.

Ишмердиктин жетишсиз шарттарына карабастан, 2015-жылы Бишкек шаарында "Оберег" РБнын базасында Ысык-Көлдө "Ысык-Көл - үмүттүн жээги" аттуу долбоор ишке ашырылып, анын жүрүшүндө 130 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балага борбор тарабынан реабилитациялык кызматтар көрсөтүлгөн. Ысык-Көлгө барып келүү үчүн жол кире жана жашап туруу Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 480,0 миң сом суммада каржыланган.

Шаарда улгайгандар жана ДМЧА үчүн адистештирилген мекемелердин тармагы өнүккөн, ага 3 мекеме кирет жана күнүнө социалдык кызматтарды 324 ДМЧА алышат, аларды күтүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен жыл сайын 37,5 млн. сом бөлүнүп турат. ДМЧА үчүн жаңы социалдык кызматтарды киргизүүгө Эл аралык уюмдар аркылуу 1,1 млн. сом тартылган.

Бишкек шаарында 75,5 миң адам - шаардын пенсионерлери, I; II; III топтогу жалпы оорунун майыптары, эмгектин майыптары, майып балдар - шаардык жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрө алышат, бул максатта шаардык бюджеттен 238,0 млн. сом бөлүнүп турат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн маанилүү күндөргө арналган шаардык жана райондук иш-чаралар 21734 адамды тартуу менен 15,0 млн. сомго Эл аралык майыптар күнү, Эл аралык балдарды коргоо күнү, Бишкек шаарынын мэринин кайрымдуулук Балатысы өткөрүлүп турат.

Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан ДМЧА арасында массалык спорт мелдештери жана командалык биринчиликтер 3,0 миң ДМЧАнын катышуусу менен үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын чыгармачыл чеберчилигин, жигердүү коомдук ишмердигин өнүктүрүү максатында, жыл сайын ДМЧА арасында өздүк көркөм чыгармачылык фестивалы, кол өнөрчүлүк искусствосунун сынактары жана спартакиада 36 ДМЧА коомдук уюмдарынан 3000ден ашык адамдын катышуусу менен өткөрүлүп турат.

Шаарда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. 2015-жылы мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда 362 пандус орнотулган, 171 объектке орнотуу зарыл.

2015-жылы "Бишкекбашкыархитектура" МИси тарабынан курулуш, реконструкциялоо жана багытын өзгөртүүгө 295 уруксат берилген. 422 объектке пандус орнотууну эске алуу менен долбоорлоо документтери каралып, макулдашылган.

Шаардын инфратүзүмүнө ДМЧАнын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн КР ИИМинин адистештирилген монтаждоо-эсплуатациялоо башкармалыгы тарабынан 22 жолчыракка добуш берүү түзүлүштөрү жана 40 "Азиз жөө жүргүнчү" жол белгилери орнотулган.

ДМЧАнын коомдук транспортту жеткиликтүү пайдалануусун камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан 35 жапыз полдуу троллейбустар алынган.

Бишкек шаарында ДМЧАны ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө, 2015-жылы 31 ДМЧА жумушка орноштурулган, 16 адам коомдук иштерге тартылган, 9 адамга жумушсуздук боюнча жөлөкпул чектелген, 29 адам кесипчилик окууга жөнөтүлгөн, 3 адам 90,0 миң сом суммадагы микрокредит алышкан, шаардын 36 мекемесинде жана уюмдарында 87 жумуш орундары ДМЧА үчүн бөлүнгөн.

Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды окутуу үчүн атайын шарттар түзүлгөн. Бишкек шаарында жардам берүүчү мектептер, 11 мектепке чейинки адистештирилген мекеме иштейт, анда 1500 ДМЧА окуп, мындан тышкары 131 ДМЧ бала үйлөрүндө билим алышат.

Үйлөрүндө билим алып жаткан майып балдардын жалпы саны - 131, шаардын 31 жалпыга билим берүүчү мектептеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар окуйт.

Ушуну менен бирге, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык райондук администрациялары тарабынан ДМЧА мамлекеттик мекемелерге жетүү үчүн техникалык талаптарды эске алуу менен шарттарды түзүү боюнча эсепке алуу жана контроль жеткиликтүү эмес жүргүзүлүүдө (пандустарды жана чакыруу баскычтарын орнотуу), иштеп жаткан имараттарды (турак жайларды кошпогондо) инвентаризациялоо (паспорттоштуруу) боюнча маалымат ДМЧАнын жеткиликтүүлүк предметине берилген эмес.

Турак жай субсидия борбору тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга коммуналдык төлөмдөрдү төлөө боюнча турак жай субсидияларын берүүдө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды эсепке алуу жүргүзүлбөйт.

2015-жылга Бишкек шаарында ДМЧА укуктарын камсыз кылуу жана жашоо сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплексинин аткарылышынын жыйынтыгын жана 2016-жылга карата милдеттерин эске алып, Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальнигинин (З.А.Абылаев) жана "Бишкекбашкыархитектура" МИсинин начальнигинин (Б.А.Абдиев) "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплексинин 2015-жылдагы аткарылышы жөнүндө" маалыматы эске алынсын.

2. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары, "Бишкекбашкыархитектура" МИси (Б.А.Абдиев) жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен иштешип жаткан коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) менен биргеликте:

- 2016-жылдын 31-декабрына чейин иштеп жаткан имараттарда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жеткиликтүүлүк предметине инвентаризациялоо жүргүзүшсүн (пандустарды жана чакыруу баскычтарын орнотуу);

- долбоордук-сметалык документтерди кароодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жөнүндө мыйзамдын ченемдерин сактоого контролду камсыздашсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары (З.А.Абылаев, Б.У.Абдрахманов, А.Б.Мамбетсеитова, Ж.Н.Чонбагышова, Ж.Б.Джунусалиева):

- 2016-жылдын 31-декабрына чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү тутумун өркүндөтүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгып өз убагында киргизишсин;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана жарды адамдарга ай сайын даректүү социалдык жардамды жана социалдык кызматтарды көрсөтүп турушсун.

4. Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы (М.Н.Юнусов):

- 2016-жылдын 30-сентябрына чейин, 2016-жылдын жай мезгилинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн массалык комплекстүү мелдештерди өткөрсүн;

- Бишкек шаарында спорттун параолимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүү боюнча иштерди активдештирсин.

5. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы (Б.Усупбеков) 2016-жылдын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жумушсуз адамдар үчүн иш орундарын түзүү максатында 5тен кем эмес микрокредит бөлсүн.

6. Кыргыз Республикасынын ИИМинин шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын адистештирилген монтаждоо-эксплуатациялоо башкармалыгы (К.Ч.Исмаилов) жолчырактарга 13 добуш берген түзүлүштөрүн жана "Азиз жөө жүргүнчү" 13 жол белгисин орнотсун.

7. Бишкек шаарынын мэриясынын маданият жана туризм башкармалыгы (М.К.Ракишев):

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар арасында үзгүлтүксүз негизде массалык иш-чараларды, фестивалдарды, кол өнөрчүлүк искусствосунун сынактарын өткөрүп турсун;

- 2016-жылдын 31-августуна чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият мекемелерин инвентаризациялоо өткөрсүн жана ДМЧАнын жетүүсү үчүн пандустарды жана чакыруу баскычтарын орнотсун.

8. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы (С.Ж.Мейрманова):

- квартал сайын шаардык билим берүү уюмдарында "Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция", "Майыптуулукту түшүнүүнүн социалдык модели" темаларында ачык сабактарды өткөрсүн;

- 2016-2017-окуу жылынын ичинде класстык саат чектеринде окуучулар үчүн майыптыкты түшүнүү боюнча сабактарды (ак ниеттүүлүк сабагы) жайылтсын;

- бардык билим берүү мекемелеринде пандустарды жана чакыруу баскычтарын орнотуу боюнча ишти активдештирсин;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртууну камсыздасын;

- жыл сайын, жаңы окуу жылына карата ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын арасында билим берүү процессине жеткиликтүүлүгү боюнча анализ өткөрсүн.

9. Бишкек шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо департаменти (К.Д.Кулбатыров):

- ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар арасында майыптуулуктун себептерине мониторинг жана изилдөө жүргүзсүн;

- мамлекеттик кепилдик программаларына ылайык ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды медициналык препараттар менен камсыздап турсун.

10. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (Б.Ш.Мамышев) жүргүнчү транспорттук каражаттар паркын жаңыртууда таяныч-кыймылдаткыч мүчөлөрү жабыркагандар үчүн атайын жабдууларды жана куралдарды карасын.

11. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы (Р.К.Макенов):

- 2016-жылдын ичинде жол жүргөндө кыйынчылыкка учураган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ыңгайлуу чыгып/түшүүлөрү үчүн жалпы пайдалануучу транспорттордун жүргүнчүлөр аялдамаларын орнотуу боюнча иштерди уюштурсун;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын автомобиль транспорттору үчүн атайын бөлүнгөн токтотмо орундарын түзсүн;

- 2016-жылдын ичинде "Оберег" реабилитациялоо борборуна муниципалдык жайларды берүү мүмкүнчүлүгүн издесин.

12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо биринчи вице-мэрдин м.а. Э.З.Зарлыковго, вице-мэрлер Б.О.Дюшембиевге, А.М.Рыскуловага, Э.К.Исаковго, Г.А.Милицкийге жана аппарат жетекчисинин м.а. М.Т.Джунушалиевге жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын төрагасы

 

А.Ибраимов

 

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын катчысы

 

Р.Айтымбетов