Бишкек шаарында “21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө” карата Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында “Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили” аталышындагы шаардык фестивалы өткөрүлдү. Иш-чарага калаа башчысынын биринчи орун басары, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Мамлекеттик  тил жана тил саясаты боюнча  улуттук комиссиянын төрагасы, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун төрагасы, Кыргызстан калкы ассамблеясынын төрагасы жана башка ведомстволордун өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты.  

Фестивалда «Эл аралык эне тил күнү» деп жарыяланып калгандыгы тууралуу, ошондой эле бул күн 2000-жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ар бир улуттун тилин сактоо жана коргоо максатында эне тил күнү катары майрамдалып келе жаткандыгы айтылып, бул күн көп улуттуу Кыргыз Республикабызда да жыл сайын белгиленип жаткандыгы жөнүндө сөз болду.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жана орус тили расмий тил болуп саналат. Ошол эле учурда, бардык этностордун өкүлдөрүнө өз эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү шарттарын түзүү укугуна кепилдик берилген.

“Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили” аттуу шаардык фестивалга борбор шаарыбызда жашаган 9 этностун (кыргыз, орус, өзбек, дунган, уйгур, казак, татар, азербайжан, карачай) өкүлдөрү катышты. Алар өз улуту жөнүндө эне тилинде маалыматтарды айтып,   жалпы катышуучулардын башка улуттар жөнүндө маалымат алууга кызыгуусун арттырып, ар улуттун өкүлдөрүнүн катышуусундагы майрамдык концерт менен аяктады.