Бишкек шаарынын мэриясы  жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жана өсүп келе жаткан муундун тарбиясына өзгөчө маани буруп келүүдө.

Биринчи май райондук администрациясы ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок кечки убакта коомдук жайларда жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында, райондун ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инпекциясынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жана Муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен биргеликте рейд ѳткѳрдү.

Рейддик иш-чара учурунда 13 жашы жете элек өспүрүм аныкталып, Кыргыз Республикасынынын ИИМдин алдындагы жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууну алдын-алуу борборуна жеткирилип, протокол түзүлүп, ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, мыйзамдуу өкүлдөрүнө кайтарылып берилди.

Муниципалдык администрация жашы 18 ге толо элек өспүрүмдөр саат 22:00 дѳн 06:00 го чейинки убакта ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок коомдук жайларда жүрүүсүнө тыюу салынгандыгын эскертет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.