Балдардын коопсуздугу биринчи орунда. Биринчи май акимиатынын райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы менен биргеликте балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча салттуу рейд өткөрүлдү.

Борбордук "Ала-Тоо" аянты, көчөлөр, интернет клубдар жана башка коомдук жайлар текшерилди. Тилекке каршы, 13 жашы жете элек өспүрүм табылды, алардын ичинен 8 өспүрүм арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу борборуна жеткирилип, калгандары ата-энелерине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Бардык өспүрүмдөр менен түнкүсүн үйдүн сыртында калуунун зыяндуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бишкек шаарынын мэриясы жашы жете электерге (18 жашка толо элек) коомдук жайларда түнкүсүн (жай мезгилинде 1-июндан 31-августка чейин) саат 23:00дөн 06:00гө чейин, калган убактарда 22:00дөн 06:00гө чейин ата-энелердин жана жакындарынын коштоосуз жүрүүсүнө тыюу салынарын эскертет.

Ата-энелер үчүн эскертүү! Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ата-энелер балдарды тарбиялоо, багуу жана алардын коопсуздугу үчүн жооптуу.

Бишкек балдар үчүн сүйүктүү шаар!