Муниципалитеттин кызматкерлери башаламан соода менен күрөштү шаардын борборунда жана ири базарлардын жанындагы гана эмес, калаанын бардык жерлеринде күн сайын жүргүзүп келет.

Октябрь районунун башчысы Константин Куценко акимиаттын экономика жана финансы бөлүмү менен биргеликте Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө жайгашкан Орто-Сай базарынын айланасындагы башаламан  сооданы жоюу боюнча рейд өткөрдү.

Бул жолу 7 соода түйүнү жоюлуп, көчө соодасы менен алектенген ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мыйзамсыз сооданы токтотуу боюнча рейддер дагы улантыла бермекчи.

Стихиялуу соода чоң ыңгайсыздыктарды жаратып, тротуарда жөө жүргүнчүлөрдүн ээн-эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылат, ошондой эле авариялык абалды жаратууга өбөлгө түзөт, анткени сатуу түздөн-түз жолдун четинде жүргүзүлүп, атайын унаалардын өтүүсүнө тоскоолдуктарды жаратууда.

8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү Орто-Сай базарындагы өрттөн бизнеси жабыркаган соода түйүндөрүнүн ээлери менен да жолуктук. Учурда жоготуулар эсептелип жатат. Өрт фактысы боюнча акыркы баа өрт-техникалык экспертизанын жыйынтыгы боюнча берилет. Биз сиздерди  кабардар кылып турабыз.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан борбор калаада соода жана жарнама эрежелерин сактоону чын жүрөктөн суранат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!