Шаар өз ишин улантууда. Суук аба ырайынын башталышы менен муниципалитеттин  туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн баш калкалоочу жайлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Үй жайсыз адамдар өздөрү келип, жөн гана тамактанып, жылынып кетишет,  айрымдары түнөп калышат.
Свердлов районунун акими Мурат Осмонов Фере көчөсү, 34А дарегиндеги баш калкалоочу жайдын ишин текшерди.

18-ноябрга карата баш калкалоочу жайда 55ке жакын адам убактылуу жашайт.

Коопсуздук үчүн полиция кызматкерлери,  үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери жана медайымдары борбордогу бардык баш калкалоочу жайларда ар дайым нөөмөттө болуп, керектүү медициналык жардамдарды системалуу түрдө көрсөтүп турушат.

Эскерте кетсек, имараттын ичи жаңыланып, айнектери салынып, электр жарыгы, шып жана пол, керебеттер оңдолгон. Төшөктөр (матрацтар, жууркан, жаздыктар, жаздык шейшептер) сатылып алынды.

Андан кийин биз көмүр сатуучу жайларды, бааларын жана катуу отундун сапатын текшердик.

Көмүр Достоевский  көчөсү 1 дарегиндеги «Гефест»  отун кампасынан чыгарылат. Шабыркул көмүрүнүн бир тоннасынын баасы болжол менен 4200 сомду түзөт.

Мындан тышкары, райондун аймагында төмөнкү даректерде  көмүр сатуучу пункттар бар.

•  Саадаев / Орозбеков көч;

• Келечек жаңы конушу;

• Ак-Бата жаңы конушу.

Белгилей кетсек, борбор калаанын Свердлов районунун 931 жашоочусу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан  1,5 тонна көмүр сатып алуу  үчүн 5700 сом өлчөмүндө акчалай компенсация алышты. Ошондой эле, "Бишкекжашылчарба"  муниципалдык ишканасы тарабынан 150 муктаж үй-бүлөгө отун берилди.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!