Теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрү боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучусу Токтосун уулу Бекболсун пара-армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду.

Мелдештер Түркиянын Анталия шаарында 54 өлкөдөн 1450 спортчунун катышуусунда өттү.

Бекболсун таяныч-кыймыл аппаратынын оорусу менен жабыркаган спортчу, аны менен бирге борбордук нерв системасынын оорусу менен жабыркаган Дмитрий Дымов дагы АОРБӨМнин машыктыруучусу Алчинов О.Е.нын жетекчилиги астында чемпионатка катышты.  Дмитрий 11-орунду ээледи.

Бекболсун 23 жашка чейинки жаштар арасында 55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, таяныч-кыймыл аппаратынын бузулушу менен жабыркаган спортчулар арасында дүйнө чемпионатында Кыргызстандын тарыхында биринчи күмүш медалды алып келди.

Бекболсун финалга чыгуу жолунда Грузия менен Казакстандын алдыңкы спортчуларын Түркиядан келген Европа чемпионун жеңип алды.

Финалда курч күрөштө Казакстандын үч жолку Дүйнө чемпионунан жеңилүү ызасын тартып калды.

Бишкек шаарынын мэриясы спортчуларды куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт.