Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директор Бактыгуль Исмаилова Афганистандан аскерлерди чыгаруу күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге Департаменттин райондук бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Азыркы учурда шаардын социалдык коргоо органдарында 729 катышуучу жана курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, анын ичинде 32 майып, 688 интернационалист, ошондой эле Афганистан Демократиялык Республикасында интернационалдык милдетин аткарууда курман болгон жоокерлердин 9 үй-бүлөсү каттоодо турат. Жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында Бишкек шаарында гана жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен даректүү социалдык жардамдын төмөнкү түрлөрү көрсөтүлүүдө:

- Курман болгон интернационалисттердин 9 үй-бүлөсүнө квартал сайын 3000 сом жана 500 сом өлчөмүндө стипендия төлөнөт;

- АДРда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү үчүн бензин сатып алууга кварталына 1000 сом өлчөмүндө акчалай компенсация;

- Афган окуяларына катышкан жоокерлердин балдарына жыл сайын Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата таттуулар түрүндө белектер жана жаңы жылдык акысыз белектер берилет;

- Жеке арыздардын негизинде Афганистанда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө бир жолку берилүүчү материалдык жардам көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, бул категория үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен АДРнын майыптары үчүн жеңилдиктердин ордуна 7 миң сом өлчөмүндө, АДРнын катышуучуларына – 6,0 миң сом, Афганистанда каза болгондордун жесирлерине – 1 миң сом өлчөмүндө акчалай компенсация төлөнөт.

Бишкек шаарынын мэриясы интернационалист-жоокерлердин социалдык маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл бурат. Алсак, жыл сайын Афганистандан аскерлердин чыгарылышынын жылдыгына карата шаарда Афганистан Республикасында курман болгон жоокерлердин элесине эскерүү митинг-реквием, бир жолку материалдык жардам көрсөтүү менен райондук иш-чаралар өткөрүлөт.

Аскерлердин АДРдан чыгарылышынын  34-жылдыгына карата жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан АДРнын майыптарына 8 миң сом өлчөмүндө, согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 10 миң сом, катышуучуларына 3 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам төлөнөт.