Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартип бузуучуларды аныктап, жарандардын кайрылуулары боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү улантууда.

Белгилесек, муниципалдык инспекцияга Биринчи май районунун Симферопольский көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн эки жашоочусунан арыз түшкөн. Алар курулуш компанияларынын бири тарабынан көрктөндүрүү эрежелери бузулганын билдиришкен.

Буга байланыштуу  2024-жылдын 16- март күнү инспекторлор аталган аймакка барышып, Симферопольский/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги  223, 225 дареги жайгашкан
"Нур Имарат Курулуш" компаниясы тарабынан эреже бузуу болгонун аныкташты.

Аталган компания тарабынан эки эреже бузуу аныкталган:
Чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин сактабоо жана курулуш аянтынан жолдун булганышын алдын алуу чараларын көрбөө.

Жыйынтыгында "Нур Имарат Курулуш" курулуш компаниясына карата КР кодексинин 114-бөлүгүнүн 1-жана 177-бөлүгүнүн 2-беренелери боюнча эки протокол түзүлүп, аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузуу жана жол курулмаларына зыян келтирүү үчүн жалпы суммасы 53 000 сом айып салынган.

Түшүндүрүү иштеринен кийин курулуш компаниясынын жумушчулары тегерегиндеги таштандыларды жана топуракты тазалашты.