Буга чейин «Муниципалдык унаа токтоочу жайлар, унаа туруктары жана базарлар» муниципалдык ишканасы чексиз катышуу ыкмасы менен «Бишкек шаарындагы шаардык унаа токтотуучу жайларды автоматташтыруу жана жол кыймылын оптималдаштыруу» боюнча тендер жарыялаган.

Сынактын катышуучусу сунуш кылынган жабдууларды, монтаждоо иштерин, иш тартибин, мөөнөтү жана окуу программасын, техникалык тейлөө жана  кепилдиктен кийинки тейлөө үчүн бузулган жабдууларды алмаштыруу мөөнөттөрүн толук баяндоого, катышуучунун колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн техникалык талаптарга техникалык чечимдерди камсыз кылууга тийиш.

Бул пилоттук долбоор токтоп турган транспорт каражаттарынын бар экендиги жөнүндө маалыматты чогултуунун жана мамлекеттик номурларды таануунун кеминде эки ыкмасын камтууга тийиш. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын банктарынын мобилдик тиркемелерин колдонуу менен акча каражаттарын чогултуу үчүн жумушчу системага (сыноо шартында уруксат берилген) ээ болуу зарыл.

Системаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн сынактын жеңүүчүсү менен 60 ай (5 жыл) мөөнөткө келишим түзүлөт.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясынын алдындагы биринчи электрондук унаа токтотуучу жай Кыргызстандын борборунда акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында россиялык IT-иштеп чыгуучу Sitronics Group тарабынан жабдылган.

Эми ошол эле долбоордун алкагында пилоттук режимде борбордо акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайларды киргизүү пландаштырылууда, алар төмөнкүдөй бөлүнөт:

- зона 1:  Бөкөнбаев көч, Ибраимов көч, Фрунзе көч, Жаш Гвардия бульвары менен чектелген;
- зона 2: Ахунбаев көч, Жибек-Жолу пр, Т. Айтматов көч. Фучик көч. Менен чектелген. 1-зонаны кошпогондо;
- 3-зонага: 1, 2-зонага кирбеген Бишкек шаарынын башка көчөлөрү.

Унаа токтотуучу жай үчүн төлөм QR-кодду жабдыктын дисплейинен (паркомат) сканерлөө жолу менен же тиркеменин өзүндө жүргүзүлөт.