БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2016-жылдын 30-июну № 8пк

Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө

Ар түрдүү коркунучтардын пайда болушу мүмкүн экендигин болжолдоо, алардын масштабын жана тобокелдиктерин баалоо өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, же алардын кесепеттерин жеңилдетүү боюнча кабыл алынган чаралардын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын тийиштүү институттары (Сейсмология институту, "Геоприбор" ИИБ, Геомеханика жана жер кендерин өздөштүрүү институту, Суу маселелери жана гидроэнергетика институту, Геология институту ж.б.) менен биргелешип 2015-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына ылайык Бишкек шаарынын аймагында 89 потенциалдуу коркунучтуу участок аныкталган. Анын ичинде:

Райондун аталышы

Потенциалдуу-коркунучтуу участоктор

Суу агыны процесстеринен жабыркаган

Суу каптоо процесстеринин пайда болушу

Жер көчкү коркунучундагы участоктор

Таш кулоо коркунучундагы участоктор

Жыйынтыгы

Ленин

16

-

9

1

26

Октябрь

14

-

-

-

14

Биринчи май

12

13

-

-

25

Свердлов

12

12

-

-

24

Жыйынтыгы:

54

25

9

1

89

Бишкек шаарынын райондорунун жарандык коргонуу комиссиялары, КР ӨКМ Бишкек шаары боюнча башкармалыгы, ӨКМ райондук бөлүмдөрү тарабынан МАБдар менен биргелешип Бишкек шаарынын потенциалдуу-коркунучтуу участокторуна үзгүлтүксүз изилдөө жана тургундардын кайрылуулары боюнча маселелерди ордуна барып кароо жүргүзүлдү.

2015-жылы Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаалдар же ага жакын кырдаалдар болгон төмөндөгүдөй учурлар белгиленди:

- "Ала-Арча" жана "Аламүдүн" сууларынын агымынан шаардык аймакты суу каптоо коркунучуна байланыштуу (2015-жылдын январь, февраль айлары кыш мезгилинде муз каптоо, 2015-жылдын июль айы жай мезгилинде суу деңгээлинин жогорулашы);

- 2015-жылдын 8-июнунда секундасына 27 м ылдамдыктагы катуу шамалга байланыштуу (турак үйлөрдүн жана администрациялык имараттардын чатырлары кыйраган, бак-дарактар жана жарнамалык конструкциялар кулаган, электр өткөргүч линияларынын, тышкы жарыктандыруу тармагынын, троллейбустук линиялардын үзүлгөн, таянчыктардын жана трансформатордук көмөк чордондордун, светофордук объекттердин сынган учурлары белгиленген);

- нөшөрлөгөн жаанга байланыштуу (катуу жамгырдан жана "Маңка-Жар" капчыгайынан жүргөн селдин натыйжасында "Арча-Бешик" конушунда аймакты жана турак үйлөрдү суу каптаган);

- 2015-жылдын 16-июлунда Темиров көчөсүндө өткөрүлгөн террорчулукка каршы атайын операцияга байланыштуу (7 үй жабыркаган, 3 үй толугу менен күйүп кеткен жана 4 үй ремонтко муктаж болгон).

Жогоруда белгиленген кырдаалдардын бардыгында колдо болгон күчтөр жана каражаттар менен шаардык аймакты, турак үйлөрдү жана чарбалык объекттерди суу каптоодон алдын-алуу, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жана кыйроолорун жоюу боюнча тийиштүү чаралар тез арада кабыл алынды.

Бишкек шаарынын сууларында суу агындылардын коркунучсуз өтүшүн камсыздоо жана суу каптоо коркунучтарын азайтуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясы боюнча 2016-жылга карата атайын превентивдүү жана ликвидациялык иш-чаралар планында биринчи кезектеги 5 кооптуу участок жана 2015-жылы аяктабай, кийинки жылга өткөрүлгөн 3 объект боюнча материалдар макулдашылган жана жалпыланган.

КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча 25 жазма буйрук берилген, алар учурда аткарууда турат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин линиясы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын бекитилген табыштамасына ылайык Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынан 12300 көчөт алынган, алар Ленин, Биринчи май, Свердлов райондорунун МАБдарынын арасында бөлүштүрүлүп, суу каптаган аймактарда олтургузулган.

2016-жылга жергиликтүү бюджеттин линиясы боюнча потенциалдуу-коркунучтуу 4 участокто төмөнкү жумуштарды аткаруу пландаштырылган:

- Свердлов району - "Аламүдүн" суусунун жээгин бекемдөө жумуштары жана Фрунзе көчөсү менен Салиева көчөсүнүн ортосунда борбордук жылуулук жабдуу трубаларын түптөп салуу;

- Биринчи май району - Жибек-Жолу проспектиден Республика көчөсүндөгү № 113/20 үйгө чейин "Ала-Арча" суусунун агынын механизациялык тазалоо жана жээгин бекемдөө жумуштары;

- Ленин району - акимиаттын аймагындагы "Ала-Арча" суусунун жээгин бекемдөө жумуштары;

- Октябрь району - 12-кичи райондо "Аламүдүн" суусунун жээгин бекемдөө жумуштары.

Бишкек шаарынын күчтөрүн жана каражаттарын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга өз убагында таасир көрүүгө карата такай даяр күтүүнү камсыздоо максатында практикалык иш-чаралар менен бир катарда, 2016-жылга бир нече окуулар, штабдык машыгуулар жана башка иш-чаралар пландаштырылган.

Анын ичинде 2016-жылга Бишкек шаарынын Жарандык коргонуусун уюштуруу жана жүргүзүү боюнча негизги иш-чаралар планына ылайык 2016-жылдын 20-22-апрелинде "Өзгөчө кырдаал (жер титирөө) болгон учурда башкаруу органдары менен жарандык коргонуунун күчтөрүнүн аракеттери" темасы боюнча Бишкек шаарынын Жарандык коргонуусунун (ЖК) башкаруу органдары менен командалык-штабдык окуу өткөрүлдү.

Командалык-штабдык окуу мезгилинде 11 аракет (милдеттер) алынды. Кызматтар тарабынан 220 билдирүү, 35 буйрук, 29 тескеме, 5 табыштама иштелип чыкты. Ошондой эле окуу мезгилинде БЖАТИ аймагында Бишкек шаарынын ЖК башкаруу органдары тарабынан 11 практикалык участокто өзгөчө кырдаалды жоюуда ЖК башкаруу органдары менен ЖК түзүлүштөрүнүн аракеттери менен окутуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Бардыгы болуп жеке курамдын 486 адамы жана 35 бирдик техника окууга тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө билимдерин жогорулатуу үчүн ЖК башкаруу органдарынын 11 жетекчиси КР ӨКМне караштуу ЖКнын адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда окуудан өтүштү.

Потенциалдуу-коркунучтуу участоктордо жашаган калк менен көчмө окууларды өткөрүү планына ылайык үстүбүздөгү жылы "Өзгөчө кырдаалдардын (ӨК) түрлөрү, ӨК коркунучу пайда болгон учурда калктын аракеттенүү эрежелери" темасы боюнча сабактар өткөрүлдү. Сабактар Биринчи май, Октябрь жана Ленин райондорунда өткөрүлдү. Бул сабактарга жалпысынан 782 адам катышты.

Ушуну менен бирге эле, өткөрүлүп жаткан иштерге карабастан, бүгүнкү күндө "Ала-Арча" суусуна байланыштуу мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалды алдын-алуу боюнча комплекстүү чечимдерди кабыл алуу талап кылынууда. "Кыргызсуудолбоор" АТАКнын адистештирилген долбоорлоо уюму же башка долбоорчулар менен биргелешип шаардык аймакты суу каптоодон алдын-алуу жана сууну коопсуздукта өткөрүү боюнча так иш-чараларды иштеп чыгуу менен долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу, долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин бөлүмүнүн балансында турган "Кашка-Суу" айылындагы суу бөлүштүргүчтөгү тундурманы механизациялык тазалоо маселеси чечилбестен калууда. Нөшөрлөгөн жамгырдан кийин "Маңка-Жар" капчыгайы тарабынан конуштарды суу каптап кетишине жол бербөө боюнча кошумча чараларды кабыл алуу талап кылынууда.

Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан, сыйымдулугу 72509 адам бата турган 257 коргонуу курулмасынын ичинен 98 курулманын абалы канааттандырарлык, 54 курулманын абалы жакшы, 105 курулманын абалы канааттандырарлык эмес кырдаалда турат.

Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизациялык резервдин материалдарын сактоо кызматынын кампаларын ремонттоо, (4930,018 миң сом талап кылынат), ошондой эле шаардык коргонуунун башкаруу пунктун ремонттоо маселеси чечиле элек.

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясы жогоруда баяндалгандарды эске алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальнигинин (Б.Ж.Аманбаев) маалыматы эске алынсын.

2. КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальнигинин (Б.Ж.Аманбаев), Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары (Н.Р.Тынаев, Н.К.Курманбеков, А.Т.Алиев, А.Т.Чылабаева) 2016-жылга шаардык бюджет тарабынан каралган сел каптоого каршы жана суу жээктерин бекемдөө жумуштарын аткарууну оперативдүү тартипте уюштурушсун.

3. КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги (Б.Ж.Аманбаев):

- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Бишкек шаарынын потенциалдуу-коркунучтуу 8 участогунда министрликтин линиясы боюнча каралган жумуштардын аткаруу мөөнөттөрү маселесин иштеп чыксын, мэрияга тийиштүү маалымат берсин;

- берилген администрациялык жазма буйруктардын аткарылышын контролдоону күчөтсүн.

4. "Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш" МИнин директору (Т.А.Элгондиев), КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын начальниги (Б.Ж.Аманбаев), Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары (Н.Р.Тынаев, Н.К.Курманбеков, А.Т.Алиев, А.Т.Чылабаева) менен биргелешип бир айлык мөөнөттө 2016-2017-жылдын кыш мезгилинде "Ала-Арча" суусунун агымында сууну коопсуздукта өткөрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгышсын жана бекитүүгө киргизишсин, бекитилгенден кийин планды ишке ашырууну камсыз кылышсын.

5. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы (С.К.Омурканов) КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы (Б.Ж.Аманбаев) жана "Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш" МИ (Т.А.Элгондиев) менен биргелешип шаардык аймакта суу каптоону алдын-алуу жана "Ала-Арча" суусунун агымында сууну коопсуздукта өткөрүү боюнча так иш-чараларды иштеп чыгуу менен долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү жана долбоорлоо-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн адистештирилген долбоорлоо уюмун ишке тартуу маселесин иштеп чыгышсын. Эки жумалык мөөнөттө долбоорлоо-изилдөө иштерине карата зарыл каражат боюнча сунуш киргизишсин.

6. Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы (Н.К.Курманбеков), "Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулуш" МИ (Т.А.Элгондиев), КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы (Б.Ж.Аманбаев) 10-кичи районунун аймагында "Ала-Арча" суусунун көпүрөсүндө жайгашкан кафени бузуу боюнча соттук териштирүүнү контролго алышсын, жыйынтыгы боюнча мэрияны маалымдашсын.

7. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы (С.К.Омурканов) 2017-жылга курулуштардын титулдук тизмегин түзүүдө мобилизациялык резервдин жана шаардык коргоонун башкаруу пунктунун кампаларын ремонттоо боюнча иш-чараларды карасын.

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы (Р.К.Макенов) бир айлык мөөнөттө Бишкек шаарынын мэриясынын мобилизациялык резерв кампасына зарыл документтерди жол-жоболоштуруу маселесин чечсин.

8. Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары (Н.Р.Тынаев, Н.К.Курманбеков, А.Т.Алиев, А.Т.Чылабаева), Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы (Р.К.Макенов), КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы (Б.Ж.Аманбаев) шаардык аймакта жайгашкан коргонуу курулмаларын талаптагыдай абалга келтирүү боюнча, анын ичинде бул коргонуу курулмаларынын баланс кармоочулары менен тийиштүү иштерди уюштурушсун.

9. КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы (Б.Ж.Аманбаев) муниципалдык администрациялар жана Бишкек шаарынын жарандык коргонуу кызматтары менен биргелешип бир айлык мөөнөттө тынчтык мезгилде ӨК карата чара көрүү боюнча жаңыртылган планын тактап чыксын жана бекитүүгө киргизсин.

10. Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын башчылары (Н.Р.Тынаев, Н.К.Курманбеков, А.Т.Алиев, А.Т.Чылабаева) КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы (Б.Ж.Аманбаев), Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы (С.Ж.Мейрманова) менен биргелешип өзгөчө кырдаалдарга карата чара көрүү боюнча боюнча райондук пландарды белгиленген тартипте кайра карап чыгышсын, ведомстволук аймактардагы жалпы билим берүү жана медициналык мекемелерде өзгөчө кырдаал учурунда жүргүзүлүүчү аракеттердин тартибин карашсын.

11. Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаменти (К.Д.Кулбатыров) өзгөчө кырдаал түзүлгөн учурда жабыркагандарга тез арада жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон медикаменттердин жана кандын үзгүлтүксүз запасын түзүү маселесин бир айлык мөөнөттө чечсин.

12. КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы (Б.Ж.Аманбаев) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги деңгээлинде:

- өзгөчө кырдаалдарга карата тез чара көрүү үчүн Бишкек шаарынын аймагында адистештирилген инженердик техникалар базасын уюштуруу маселесин иштеп чыксын;

- Бишкек шаарынын өрткө каршы кызмат башкармалыгы (З.С.Альджанов) менен биргелешип Бишкек шаарынын 9 кабаттуу жана андан көп кабаттуу турак үйлөрүндө өрт өчүрүүнү уюштуруу үчүн адистештирилген техниканы сатып алуу маселесин иштеп чыксын.

13. Бишкекбашкыархитектура (Б.А.Абдиев) 9 кабаттуу жана андан жогору көп кабаттуу турак үйлөрдү курууга карата долбоорлоо документациясын макулдашууда өрт өчүрүүнүн автоматташтырылган системасынын болуу зарылдыгын милдеттүү түрдө эске алсын.

14. Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Бишкек шаары боюнча регионалдык башкармалыгы (М.Б.Адиев):

- көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушуна көзөмөл жүргүзүүдө, аларды эксплуатацияга кабыл алууда өрт өчүрүү системасынын бар болушуна жана өрт коопсуздугу боюнча талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурсун;

- муниципалдык администрациялар менен биргелешип Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан бийик имараттарды өрт коопсуздугу ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына карата изилдеп текшерүү боюнча тийиштүү иштерди уюштурсун. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясына маалымат берсин.

15. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын вице-мэрлери Г.А.Милицкийге, Б.О.Дюшембиевге жана А.М.Рыскуловага жүктөлсүн.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиянын төрагасынын орун басары

 

Э.Зарлыков

 

 

 

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиянын катчысы

 

Р.Айтымбетов