Таажывирус пандемиясы улгайган адамдарга  коркунуч жаратат, ошондуктан борбордук мэрия шаардын карыларын коргоону жана кам көрүүнү күчөттү, аларга учурда өзгөчө көңүл бөлүү керек.

Бишкекте кары-картаңдар үчүн эки үй-интернет иштейт: Биринчи май жана Ленин райондорунда. Азыр алар карантинде. Тилекке каршы, бул мезгил ичинде, узакка созулган онкологиялык оорудан улам, 89 жаштагы апабыздын көзү өтүп кетти.

Азыркы учурда Ленин районунун карылар үйүндө 32 адам жашайт, ал эми 6 адам карантин аяктаганга чейин, туугандарына кеткен. Улгайган адамдар жана Биринчи май районундагы ДМЧА үчүн жалпы типтеги Бишкектин социалдык стационардык мекемесинде 192 адам жашайт.

Бардык коронавирустан коргоочу иш-чаралар так аткарылууда: күнүнө 2-3 ирет хлор каражаттары менен нымдуу  тазалоо өткөрүлөт, бардык бөлмөлөр, санитардык түйүндөр жана анын аймагы дезинфекцияланат, ар тарапта санитайзерлер орнотулган.

Тамактануу жана медициналык тейлөө штаттык режимде жүргүзүлөт.Техперсонал, медкызматкерлер жана тамак-аш блогунун кызматкерлери алмашып иштеп, күнү-түнү тынымсыз нөөмөттө болушат.

Күнүнө төрт жолу тамактанышат, бардык тамак-аш жана биринчи зарылдыктагы товарлар менен камсыз болушкан, шаардык кызматтар жана жеке менчик мекемелер жардам көрсөтүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Эгер кары - картаңдарга жардам көрсөтүүнү кааласаныздар  чалууну өтүнөбүз:

Ленин районунун карылар үчүн үй-интернаты: 0550 516 451 Айчүрек Алышева.

Улгайган адамдар жана ДМЧА үчүн жалпы типтеги Бишкек шаардык ССМ: 0770 452359 Адильбек Козубаев.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!