Борбордук мэрия күн сайын кызматта, биз таажытумооилдетинин жайылып кетишинен шаардыктарды жана шаарды коргоо үчүн бардык аракеттерди жасап жатабыз.

Шаардык транспорт башкармалыгы, троллейбус башкармалыгы жана автобустук паркынынадистери Мамсанэпидкөзөмөл кызматынын кызматкерлери, КР  транспорт жана жолдордун министрлигинин алдындагы  транспорт инспекциясы  менен биргеликте күн сайын коомдук транспортто санитардык ченемдердин сакталышын текшеришет жана айдоочулар менен жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Бүгүн 88 унаа текшерилип, алардын бешөө санитардык ченемдерди аткарган эмес: айдоочу же жүргүнчүлөр бет кап режимин, санитардык аралык сакталган эмес, салондордо санитардык тазалоочу каражат жок же кир болгон.

Мамсанэпидкөзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан санитардык эрежелерди бузган айдоочуларга карата “Коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин, санитардык эрежелердин, гигиеналык нормалардын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу” боюнча протокол түзүп, миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Урматтуу шаардыктар жана жүргүнчүлөр! Сак болуңуздар, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Коомдук транспортто сөзсүз түрдө бет кап, кол кап кийип, антисептик менен колуңуздарды тазалап туруу керек. Жол кире төлөө үчүн накталай акча колдонууну азайтып, накталай эмес төлөм боюнча "Тулпар" карточкаларын колдонууну сунуштайбыз. Баса, Тулпардын бардык кызматкерлери таажытумоодон коргоо үчүн санитардык эрежелерди сактоо боюнча толук окутуудан өтүштү.