Борбордо эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Муниципалитеттин, ишкерлердин, коомдук уюмдардын жана кайрымдуу адамдардын колдоосу менен ковид-19, пневмания жана башка оорулар менен күрөшүү уланууда.

Колдоолор бардык жактан келип жатат. Баарынан Кыргызстандагы Улуттук кызыл жарым ай коому шаардыктарды коргоого көп салым кошууда.

Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарларын ачкандан тартып Кызыл жарым ай коому медиктерди жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер жана башка медициналык буюмдар менен колдоп келе жатат. Азыркы учурда калаанын төрт районундагы стауционарлардагы медицина кызматкерлери жеке коргонуу каражаттары, ысык тамак менен камсыздалды.

Ошондой эле коом башка медициналык мекемелерге дагы: куруучулар поликлиникасына, улуттук кардиология борборуна, кыргыз-түрк «Достук» ооруканасына, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлерине жана башка дарылоо жайларына колдоо көрсөтүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы Кыргызстандагы Улуттук кызыл жарым ай коомунун кызматкерлерине пандемия учурунда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Чоң рахмат сиздерге!

Урматтуу шаар тургундары! Үйдө болуңуздар! Жеке гигиенаны жана аралыкты сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!