Шаардык муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Султанов Токтосун Султанович өзүнүн берген арызынын негизинде Ленин райондук администрациясынын башчысынан бошотулду. Анын ордуна акимдин биринчи орун басары Чыныбаев Чынасыл Билалович дайындалды.

Эскерте кетсек, мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу ротация тартибинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инпсекциясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.

Ал эми Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин убактылуу Кадыров Азамат Кадырович аткарат. Ал буга чейин башчынын орун басары болуп иштеп келген.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!


Резюме - Ч.Чыныбаева.docx

Чыныбаев Чынасыл Билалович

Резюме А.Кадырова.docx

Кадыров Азамат Кадырович