Урматтуу шаардыктар, шаардын түштүк бөлүгүнүн жашоочулары! Биз мурдагы карьерден чыгып жаткан түтүн үчүн кечирим сурайбыз. Учурда шаардын түштүк-чыгыш  бөлүгүндөгү карьерде абал көзөмөлгө алынды.

Азыркы учурда  түтүн токтоп, жагымсыз жыт чыкпай калды. Карьерде Октябрь райондук администрациясынын, ӨКМ райондук башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери нөөмөттө туруп, чоң атайын техникалар, бульдозер тартылды.

Белгилей кетсек, түтүндүн пайда болушунун себеби 10-15 жылдан бери өндүрүш таштандыларынын ташталганы. Түтүндүн очогун, себептери табуу жана өчүрүү үчүн тонналаган таштандынын астын каздык.

Азыр карьерге кирген жол жабылып, унаалар кире албагандай жана таштанды төгө албагандай  кылып чекелери казылууда. Мындайга жол бергендердин баары иштен бошотулду.

Учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө жана жыйынтыгы боюнча сиздерге билдиребиз.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы дайыма байланышта. Сиздер күнү-түнү арыздарды жана кайрылууларды мэриянын Колл-борборуна 1840 жана 1850 кыска номерине калтыра аласыздар. Ошондой эле, көйгөйлөрдү сүрөттөрү менен 0554 182-185 номерине жиберсеңиздер болот.

Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарым!