COVID-19  жөнүндө алгачкы билдирүүлөр тарагандан баштап, шаардык мэриянын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы тарабынын шаардыктарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн мобилдик топтор түзүлгөн.

Дарыгер, эпидемиолог жана лаборанттан турган медициналык топтор Бишкек шаарынын жашоочуларынын арасында COVID-19 деп шектелген адамдар менен күнү-түнү консультация жүргүзүп, үйлөрүнө барып, ПЦР анализин жүргүзүү үчүн мазокторду алышат.

Оорунун жайылып жаткан мезгилинде, мобилдик топтордун саны көбөйтүлүп, ар бир райондо 10,  жалпы 40 бригада иштеген. 14-сентябрга карата эпидемиологиялык абал бир аз турукташкандыгына байланыштуу, азыр 7 мобилдик бригада нөөмөт өтүшүүдө.

25-марттан сентябрга чейин үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) ишеним телефондоруна жана 118 өз алдынча илдетти аныктоо ыкчам байланыш кызматына шаардыктардын кайрылуусу боюнча 36 миң 803 чакыруу тейленип, 554 бейтап ооруканага жөнөтүлгөн, жалпы 38 миң 816 адамдан ПЦР-тест үчүн анализ алынган.

Урматтуу шаардыктар! Өтүнөбүз! Бизге чалыңыздар!  Өз алдынча дарыланбаңыздар! Эгерде сиздер күтүлбөгөн жерден ооруп жатканыңызды сезсеңиздер, анда шаардагы ҮМБнын дарыгерлери менен кеңешип, оорунун баштапкы этабында алдын алсаңыздар болот. Биздин нөөмөттөгү дарыгерлерибиз ар дайым сиздерге керектүү жардамдарды берүүгө даяр.

Учурдагы Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ишеним телефондору бул жерде. Өтүнөбүз! Үй-бүлөлүк дарыгериңизди табыңыздар!

Бишкек-сүйүктүү сергек шаарыбыз!