Дүйшөмбү- калаа башчысы Азиз Суракматовдун вице-мэрлер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен салттуу пландык жыйын өткөрүлчү күнү.

Бүгүн жыйындын күн тартибинде шаардык кызматтардын 2020-2021-жылындагы күз-кыш мезгилине даярдыктары каралды. Даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу отун-энергетикалык комплекси боюнча кызматтардын жетекчилери маалымат беришти.

21-сентябрга карата бардык иштер графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.

Шаар тургундарынын үйлөрүн ысык сууну жана жылуулукту эки ишкана камсыз кылат:  Улуттук энергохолдингдин туунду компаниясы - «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК  жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кирген «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы.

Бишкек шаарынын ЖЭБ үч казан агрегаттарында жана жети түтүк агрегаттарында профилактикалык оңдоо иштерин жүргүзүп жатат, анын ичинен төртөөндө оңдоо иштери бүткөрүлдү. Азыркы учурда импорттук жана жергиликтүү көмүрдү даярдоо жүргүзүлүп жатат.

Мэр Азиз Суракматов калаада түтүн маселеси курч бойдон калып, абанын булганышынын бирден бир себеби ЖЭБ жана жеке секторлор экенин белгиледи.

ЖЭБ башчысы Андрей Воропаев түтүнгө каршы күрөшүү үчүн  эки баскычтуу тазалоочу жайы орнотулганын белгилеп өттү.

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК профилактикалык оңдоо иштерин үч жерде: Ахунбаев, Абдымомунов көчөлөрүндө жана «Түштүк- 2» кичи районунда жүргүзүүдө, иштер биринчи эки объектиде жыйынтыкталып калды.

Шаар башчысы инженердик кызматтардын ишине көңүл бурууну, шаардыктардан жолдордо жана тротуарларда асфальттын төшөлүүсүнүн сапатына нааразычылыктары көп экенин билдирип, ар бир объектидеги иштерди тыкыр көзөмөлгө алууларын тапшырды.

Сентябрь айынын аягына чейин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы бардык 66 откананы оңдоп бүткөрүүнү пландап жатат, учурда 62 отканада оңдоо жыйынтыкталды.

Муниципалитет башчысы шаардын отказандарын газга жана башка альтернативдүү жылытуу ыкмаларына өтүүнү тездетүүнү тапшырды.

Жаңы конуштарды газдаштыруу иштери дагы улантылып жатат. 2020-жылы «Газпром Кыргызстан» компаниясы өндүрүш программасынын пландалган иштеринин алкагында 5 жаңы конушту газга кошууну улантууда: «Алтын-Ордо», «Рухий-Мурас»,  «Ынтымак», «Киргизия», «Чоң-Арык».

Мэр Азиз Суракматов шаардык кызматтарды түтүн менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Күз-кыш мезгилинде шаардын көчөлөрүн кар, муздан тазалоо үчүн «Тазалык» муниципалдык ишканасы 6 миң 500 тонна техникалык туз камдайт. Туз алууга тендер 16-июлда өткөрүлүп, «Галит-Трейд»  компаниясы менен келишим түзүлдү жана техникалык тузду жеткирип берүү графиги бекитилди. 21-сентябрга карата 1 миң 868тонна техникалык туз бар, бул пландын 28% түзөт. Эмне үчүк кумга караганда туз жакшы, бул шилтемеден окусаңыз болот.

Ошондой эле, шаар тургундарына 126,0 тонна көмүр даярдоо пландалууда. Жеңилдик алган 3 миң 891 үйбүлөгө 21,6 миллион сом көмүр сатып алуу үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет. Азыркы  учурда 3 миң 469 үй-бүлөгө төлөнүп берилди.

Мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо уюмдары жана башка социалдык мекемелер дагы графикке ылайык жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүүдө.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!