Токтоналиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн батиринде таштандылар чогултулуп жаткандыгы боюнча бизге  нааразычылык билдирүү келип түшкөн.

Кайрылууда антисанитардык шарттардан улам таракандар жана башка кооптуу курт-кумурскалар пайда болуп, тепкичке, коңшу батирлерге жагымсыз жыт кире баштагандыгы көрсөтүлгөн. Тургун кошуналарына эшик ачпайт, байланышка чыкпайт.

Ал жерге МАБдын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери барып, бардык бөлмөлөр шыпка чейин таштандыга толгондугун аныкташкан. Батирде ажаткана жок, аял үйдүн ичинде эле кылып жүргөн.

Учурда биз райондун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте таштандыларды чыгарып жатабыз. Эки бөлмөлүү батирге 5 тоннага жакын таштанды чогултулган, ичин тазалоо үчүн 10дон ашык рейс жасашыбыз керек. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери дагы бар.

Белгилей кетсек, эки жыл мурун ошол эле батирден бир нече тонна таштанды чыгарганбыз.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Сиз күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номуру аркылуу колл-борборуна кайрылсаңыздар болот, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөттөрүн 0554 182-185 номуруна жибериңиздер.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!