Мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда.

Ушул жумада Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан сейил бактын жанындагы күркө алынды.

Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Евразия дүкөнүнүн маңдайына  мыйзамсыз  орнотулган тосмону алууга да дуушар болдук.

Түшүндүрүү иштеринен кийин Ч.Айтматов проспектисиндеги “Оазис” тез тамактануучу жайы  жана №7 кичи районундагы эки контейнер өз ыктыяры менен ээлери тарабынан алынып салынды.

Мыйзамсыз тосмолор дагы көз жаздымда калган жок. Красная көчөсү 172/2 дарегиндеги муниципалдык аймакка мыйзамсыз курулуп жаткан тосмону  токтоттук. Ал эми Космическая көчөсүндө демонтаждалган тосмонун узундугу 40 метрди түздү. Ушундай эле мыйзам бузуу Үсөнбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулду.

«Бишкекжарнама» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте  рейддик иш-чараларды алкагында  тиешелүү уруксат документтери жок 62 жарнама конструкциялары, мамылар жана күч өлчөгүчтөр алынды.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Калаада жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактооңуздарды өтүнөбүз!

Эгерде сиз мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүз, анда бул номерге чалып, жазыңыз: 0777 147 493.

Facebook: https://www.facebook.com/uzsbishkek/
Instagram: @ uzs.bishkek
Twitter: @uzsmeriakg

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!