№4 - кичи районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү шаардык кызматтардын кызматкерлеринин катышуусунда кичирайонду кыдырууну уюштуруу өтүнүчү менен  № 11 - МАБдын адистерине кайрылышты.

Октябрь районунун өкүлдөрү кичирайондо жайгашкан жеңилдетилген типтеги бир нече объектилердин (павильондордун) ээлеринин уруксат берүүчү документтеринин бар жогун текшеришти.

Жеринде "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын адистери аталган күркөлөрдүн ээлеринде чындап эле мыйзам бузуулар болгонун - алардын айрымдары өз объектилеринин аянтын уруксатсыз кеңейтсе, калгандарынын таптакыр керектүү уруксат кагаздары жок экендигин аныкташты. Тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактаңыздар. Эгер кимдир бирөө тартипти сактабай жаткандыгына күбө болсоңуз, анда үйүңүздүн жана кварталдык комитеттердин, МАБдын төрагалары менен байланышып турсаңыздар, сиздердин кайрылууңуздар шаардык кызматтарга тезирээк жетет.

Бардык суроолор боюнча, күнү-түнү 1840 жана 1850 номурлары аркылуу муниципалитеттин байланыш борборуна кайрылсаңыздар, сүрөттөрдү 0554 182185 номуруна жөнөтсөңүздөр болот. Маанилүү! Ар бир арыз жазылат, ар бир кызмат үчүн буйрук түзүлөт жана сөзсүз түрдө аткарылат. Шаардын жана шаардыктардын биримдиги - бул эң мыкты көзөмөл!

Ошондой эле, биз бардык социалдык тармактарда барбыз жана ар дайым байланыштабыз!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!