Бүгүн, муниципалитеттин жыйындар залында борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишкерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Актилек Тунгатаров баштаган Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын (AmCham) делегациясы менен жолукту.

Жолугушуунун  жүрүшүндө ишкерлер менен тыгыз кызматташуу, ошондой эле борбор калаада жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү ишкер чөйрөнү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Мэрдин милдетин аткаруучу бизнес-сегментинин жана шаардык кызматтардын кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты тереңдетүүгө жана борбордогу ишкер чөйрөнү жакшыртуу боюнча аракеттерди колдоого даярдыгын билдирди.

Тараптар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү, муниципалдык ишканаларды санариптештирүү, таштандыларды кайра иштетүү маселесин чечүү жаатында мүмкүн болгон кызматташууну, ошондой эле мэриянын жер башкармалыктарынын ишмердүүлүгүн талкуулашты.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham) 2005-жылы негизделген жана ал Кыргызстандагы жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү ишкер чөйрөнү түзүү боюнча иш алып барган эл аралык алдыңкы бизнес ассоциация болуп саналат.

AmCham эл аралык аренада жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын илгерилеткен жана коргогон 90дон ашык компаниянын, ошондой эле Кыргызстандагы чет элдик компаниялардын өкүлү. Ассоциация өз ишин жүзөгө ашырууда өз ара пайдалуу чечимдерге жетишүү үчүн бизнес менен инвесторлордун ортосундагы байланыштыруучу звено болуп саналат.