Шаар ишин улантууда. Мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана борбор калаанын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев ремонт материалдарын чыгаруучу Орусиялык “Спецдиректмонтаж” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бизге заманбап инновациялык "Полибадер УРМ - 2П" материалын көрсөтүштү, бул материал: автоунаа жолдорундагы,  цемент-бетон монолиттүү курулмалардагы, көпүрөлөрдөгү жана башка курулмалардагы жаракаларды, чуңкурларды тез ылдамдыкта оңдойт. Ошондой эле «Холодный пластик ХПР» материалы жолдордун жүрүү бөлүгүндө, унаа токтоочу жайларда, аялдамаларда, өнөр жай аймактарында белгилөөчү белги үчүн колдонулат.

Универсалдуу "Полибадер УРМ - 2П"   оңдоо материалы метакрилдик бириктиргичтин негизиндеги суюк суук менен катуучу полимердик зат. Курамында толтургучтарды камтып химиялык реакциянын натыйжасында жогорку бекемдиктеги полимердик түзүлүштү түзөт.

Материалдын артыкчылыктары: колдонуунун оңойлугу, -50С ден + 50С температурада колдонуу мүмкүнчүлүгү, металлга, бетонго, кышка, айнекке жана жыгачка кургак жана нымдуу беттерге жогорку жабышуу көрсөткүчү, жогорку бышыктуулук (бетонго караганда 5 эсе жогору), сууну аз сиңирүү жана ийкемдүүлүк, агрессивдүү чөйрөгө, соккуга туруштук берет жана материал кошумча тейлөөнү талап кылбайт.

Муздак пластик "ХПР" инициатордун (катуулаткыч) таасири астында химиялык жол менен катууланган полимер материалы. Анын курамында органикалык эриткичтер жок жана жогорку эскирүүгө, аба ырайынын шарттарына жакшы туруктуулугу, асфальтка жана цемент бетонуна мыкты жабышканы, ошондой эле күндүз жана түнкүсүн көрүү көрсөткүчү жогору.
Өндүрүүчүлөр бул материалды -30С суукта колдонсо болот, ал эми  кар, жаан-чачын учурунда белгилер тайгалак болбойт деп ишендиришти.