Урматтуу шаардыктар! Балтагулов көчөсү, 1 дарегиндеги социалдык жатаканада капиталдык оңдоо иштери аяктагандыгын билдиребиз.

Жаңыланган жаштар имаратын борбор калаанын вице-мэри Айжан Чыныбаева, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Адиса Имангазиева, «Ротари Клуб» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү жана балдардын укугун коргоо боюнча жетекчилер ачышты.

Эске салсак, социалдык жатакананын долбоору 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясы менен «Ротари Клуб», Ротари Клуб Осло, Ротари Клуб Мажорстуен (Норвегия) ортосундагы келишимдин алкагында башталган, имарат өзү 2014-жылы курулган.

Андан бери бул жер көптөгөн жаш бишкектиктер үчүн көз карандысыз жашоо жолундагы үй болуп калды.

Имараттын салынганына болжол менен 7 жыл өтүп, оңдоп-түзөөгө муктаж болду. Бактыга жараша, «Ротари клуб Бишкектин» каржылык колдоосу менен чатыры алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, видео көзөмөл жана автоматтык өрт сигнализациясы орнотулду.

Ассоциациянын өкүлдөрүнүн айтымында, оңдоо иштеринин баасы эки миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Эске салсак, социалдык жатакана 60 кишиге ылайыкталган: кыздар үчүн 30 орун, эркектер үчүн 30 орун. Имаратта бөлмөлөр, кир жуучу жай, ашкана жана психолог кабинети каралган.