Биринчи май акимиатынын жыйындар залында акимдин биринчи орун басары Сатыбек Каныбековдун төрагалыгы астында райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн башчылары жана МАБтын башчыларынын катышуусу менен пландуу жыйын болуп өттү.

Жыйында райондогу "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын иши талкууланды.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кураторуна Токтоналиев жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Слоники» балдар аянтчасында куурап калган бак-дарактарды алуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле, негизги сугат каналдарын, сугат скважиналарын, коллектордук жана дренаждык тармактарды оңдоп-түзөөнү так көзөмөлдөп, жашыл аянтчаларды өз убагында сугарып туруу керек.

Ошондой эле, Бишкекжашылчарбанын райондук бөлүмү тарабынан Эркиндик бульварында жашыл тосмолорду калыбына келтирүү иштери жана бадалдарды отургузуу иштери жүргүзүлөт.

Урматтуу Биринчи май районунун тургундары! Сураныч, райондун социалдык тармактардагы аккаунтуна жазылыңыздар: https://www.facebook.com/praBishkek

Бардык суроолоду, даттанууларды борбордук мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 кыска номурлары аркылуу күнү-түнү кабыл алат, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.