12-апрелде №3- кичи райондогу №19тун тургундардын кайрылуусуна ылайык, Октябрь районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери 1,5 жашар баланын чоңдордун коштоосусуз жүргөнүн аныктаган. 16:00дө билдирүү  Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына берилген.

Тургундардын айтымында, эки баласы бар аял короонун жанынан өтүп, андан кийин баланы аянтчага таштап, бир баласы менен кетип калган.

Жагдай такталганча, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн жана жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери баланы Бишкек шаарындагы Адистештирилген балдарды жана үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборуна алып барышты.

13-апрелде жаран М.С. 2019-жылы туулган М.А уулунун документтерин көрсөтүп жана ал ошол күнү кызы менен кетип, адашып кеткенин, анткени шаарда начар багыт алгандыгы менен түшүндүрдү.

М.С. өзү Москва районунда жашайт, Бишкекке досторуна конокко келген.

Өз кезегинде, Москва районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгы бул үй-бүлө чындыгында өз районунун аймагында жашайт, өзүнүн чарбасы бар жана жашоо шарттары канааттандырарлык экендигин тастыктаган документтерди тапшырган.

Бардык процедураларды бүткөндөн кийин, эне менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимине ылайык, бүгүн бала энесине өткөрүлүп берилди. Бала Москва районун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунан өтөт.