Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги борбор шаарыбыздын жашоочулары менен туруктуу жана ыкчам байланышта.

Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу бекитилген графиктин негизинде  шаардыктарды кабыл алды.

Жолугушууга 10 шаар туругуну келишти, негизинен кайрылуулар мыйзамдаштыруу, жерди ижарага берүү, ар кандай объектилерди куруу жана турак жай бөлүп берүү боюнча болду.

Шаардыктар И.Гапаров жана Б.Арунов Огонбаев менен Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеңил салмактагы объектилерди башка жакка көчүрүүнү суранышты.

Ошондой эле, шаар тургуну К.Ибраимов вице-мэрге “Ынтымак” жаңы конушундагы Орто көчөсү 41 дарегиндеги күркөнү алып салуу маселеси боюнча кайрылды.

Шаардыктардын бардык өтүнүчтөрүн, сунуштарын жана даттанууларын вице-мэр тиешелүү кызматтарга жана муниципалдык райондук администрациялардын башчыларына шаардыктардын бардык маселелерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде тез арада кароону тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын жер маселелери, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу  61-07-33  номери аркылуу байланышта.

Кайрылуу жана арыздарды күнү-түнү 1840 жана 1850 кыска номерлери аркылуу  кабыл алабыз, ал эми көйгөйлөрдүн сүрөт жана видео фактыларын  WhatsApp: 0554 182-185 дарегине жөнөтүңүздөр.

Шаардыктар Бишкек шаарынын мэриясынын Facebook, Instagram, Twitter социалдык тармактарындагы расмий аккаунттарына жазылып, ыкчам маалымат алып, суроолорун бере алышат. Ошондой эле, бардык маалыматтар ыкчам түрдө Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырылат.