Борбор калаанын билим берүү башкармалыгы билим берүү мекемелеринин арасында "Чектеш аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу" сынагын өткөрдү.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлдү: «мектептин аймагын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, гүлдөгөн мектеп, окуучулардын эс алышы үчүн жагымдуу бурчтарды түзүү, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин аймактарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, эң көрктөндүрүлгөн аймак, мыкты балдар аянтчасы».

Калыстар тобунун курамына билим берүү башкармалыгынын адистери кирди.

Сынактын жыйынтыгы боюнча "Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги эң ыңгайлуу аймак" номинациясы боюнча биринчи орунду №48- Адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемеси ээлесе, экинчи орунду №145- мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана №43-мектепке чейинки билим берүү мекемеси бөлүштү, үчүнчү орунду №51- мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана №52- мектепке чейинки билим берүү мекемеси ээледи.

"Мыкты балдар аянтчасы" номинациясында №82- мектепке чейинки билим берүү мекемеси жеңүүчү деп табылды.

"Мыкты короо" номинациясы боюнча борбор калаанын жалпы билим берүү уюмдарынын арасындагы сынакта биринчи орунду №6- №69- мектептер бөлүштү, ал эми үчүнчү орунду  №63-мектеп алды.

"Гүлдөгөн мектеп " номинациясында: биринчи орунга №84-мектеп, экинчи орунга №77- мектеп жана үчүнчү орунга - №40- мектеп ээ болду.

Иш-чаранын максаты - 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу, айлана-чөйрө менен экологиялык мотивацияны калыптандыруу, балдар жана алардын ата-энелери менен тутумдаштырылган ишти уюштуруу,  коопсуз гармониялуу, экологиялык чөйрөнү түзүү болуп эсептелет.