Борбор калаа мэриясынын имаратында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Борбор Азия мусулмандары комитетинин жана Кувейттин "Ихяут-Турос" фондунун төрагасы Шейх Мухаммад Сухейл ал Шамарий жана "ЭТАР" (ИТАР) коомдук кайрымдуулук фондунун директору Алтынбек Кудайбердиев менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар кайрымдуулук жаатындагы кызматташууну талкуулашты. Атап айтканда, окутуу үчүн мастерскойлорду жайгаштыруу менен жетим балдар үчүн эркек жана аял жатаканаларын куруу. Ошондой эле, белгилүү бир жашаган жери жок адамдар үчүн борбор куруп, анда жумушка орношуу шарттары түзүлөт жана кийинчерээк бул адамдар коомго интеграцияланат. Социалдык объектилерди, атап айтканда, борбор калаанын конуштарын курууда мындан аркы кызматташтык маселелери көңүл сыртында калган жок.

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов меймандарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Маалымдама: Коронавирус пандемиясы учурунда Кувейттик “Ихяут-Турос” кайрымдуулук фонду борбордогу медициналык мекемелерге кычкылтек концентраторлорун, коргоочу костюмдарды жана медициналык маскаларды жана бактерияга каршы каражаттарды берүү жагынан кайрымдуулук жардамын көрсөткөн.